Башкы прокуратурада ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүдөн коргоочу бөлүм ачылды

Өткөн жылы Башкы прокуратурага 170 ишкер даттанып кайрылган. Анын ичинен 154 иш тергелип, 139 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.
Sputnik

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Башкы прокуратурада ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүлөрдөн коргой турган атайын бөлүм ачылды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте отчёт берип жатып билдирди.

“Жаңы бөлүмдү ачуу боюнча чечимге эки күн мурда кол коюлду. Бөлүмдүн кызматкерлери ишкерликти фискалдык органдар тарабынан мыйзамсыз текшерүүлөр боюнча иш алып барат”, — деди Жамшитов.

Анын айтымында, өткөн жылы Башкы прокуратурага 170 ишкер даттанып кайрылган. Анын ичинен 154 иш тергелип, 139 кызмат адамы тартиптик жоопкерчиликке тартылган.