Коронавирус жуктурган 9 медиктин баары Нарындан болуп чыкты

Өлкө боюнча жалпы 266 медицина кызматкеринен COVID-19 табылган. Анын ичинен 221 медкызматкер айыгып чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бир сутка ичинде тогуз медицина кызматкеринен коронавирус аныкталып, баары Нарын облусунан экени белгилүү болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы суткада өлкө боюнча үч медик сакайган.

Республика боюнча жалпы 266 медицина кызматкеринен COVID-19 табылса, анын ичинен 221 медик айыгып чыкты.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1270 болуп, анын 910у айыкты. Тилекке каршы, 14 киши каза тапкан.

Дагы 12 киши коронавирусту жеңип чыкты
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.