Өкмөт: музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80%га көбөйдү

Музейде эмгектенген кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 миллион 480 миң сом каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Музей кызматкерлеринин эмгек акысы 80 пайызга жогорулаганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

"Кыргызстандын маданият жана искусство кызматкерлеринин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин тутумундагы музей кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулады", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул максатта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин бюджетинде 15 миллион 480 миң сом каралган.

Ошондой эле өкмөттөн буга чейин маданият жана искусство мекемелеринин айрым категориядагы кызматкерлери үчүн да айлык акы 80 пайызга көтөрүлгөнүн кошумчалашты.