Көркөмү көз талдырган талаа гүлдөрү. Бишкектин тегерегинен тартылган сүрөттөр

Sputnik

Быйыл коронавирустан улам бишкектиктер шаардан чыга албай калышты. Атайын орнотулган посттор ушу тапта эч кимди өткөрбөйт. Биздин фотограф атайын табиятка чыга албай жаткандар үчүн сүрөт тартып, сунуштап турат.

Негизи Кыргызстандын кызгалдактуу талааларынын даңкы далайга кеткен. Алар дал ушул май айында гүлдөйт. Мындай талааларды борбор шаардан анча алыс эмес жерден кезиктирүүгө болот.

1 / 10
Жаздын соңу менен өлкө көркөмү көздү тайгылткан гүлдүү талаага айланып калат
2 / 10
Быйыл коронавирустан улам бишкектиктер шаардан чыкпай, бул кооздукка күбө боло албай калышты
3 / 10
Мындай гүлдөр өлкөнүн дээрлик бардык аймагында өсөт
4 / 10
Дал ушул маалда тоо да, капчыгай да, талаа-түз да гүлгө оронуп кулпуруп чыгат
5 / 10
Кыргызстанда талаа гүлдөрүнүн түрү арбын
6 / 10
Өзгөчө дары-дармекке пайдаланылчу ромашка көп өсөт
7 / 10
Негизи эле кыргыз жери дарылыкка колдонулчу өсүмдүккө бай
8 / 10
Ромашканын дарылык касиети тээ алмустактан бери белгилүү
9 / 10
Ал эми бул коңгуроо гүл Ала-Тоодо да, казак талааларында да жыш өсөт
10 / 10
Бул кадимки каакым. Тамырынын 20 пайызы каучуктан турат. Гүл ушунусу менен айырмаланат