Чүйдө чубалган кезектеги фуралардын видеосу. Кыргыз-казак чек арасындагы абал

Чек арада түзүлгөн жагдай боюнча жеринде экономика министринин орун басары жана өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү иштеп жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалардын узун кезеги түзүлгөнүн "Короче" Телеграм-каналы маалымдады.

Видео эки мүнөткө созулат. Бул убакытта жол жээгинде турган фураларды камерага тарткан авто орточо ылдамдыкта жүрүп бара жатты.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, казак тарап жүк ташуучу унааларды жай өткөрүп жатат. Жеринде экономика министринин орун басары жана өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү бар.