Кыргызстанда электр энергиясына айрым тарифтер өзгөртүлөт

Электр энергиясына бааны өзгөртүү боюнча өкмөттүн токтому 27-мартта кабыл алынган, бирок Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругу чыкмайынча күчүнө кирбейт.
Sputnik

БИШКЕК, 20 мая — Sputnik. Электр энергиясынын жаңы тарифтери сунушталууда. Бул тууралуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлү Бакыт Асанбаев билдирди.

Анын айтымында, бул боюнча өкмөттүн токтому 27-мартта кабыл алынган, бирок агенттиктин буйругу чыкмайынча күчүнө кирбейт.

Бир киловатт-саатка тарифтер төмөндөгүдөй (салыктарды эске албаганда):

  • Балдар үйлөрү үчүн — 1,58 сом (азыркысы 2,24 сом);
  • Электр кубаты менен жүргөн транспорт заряд алчу жайлар — 1,58 сом (эгер мындай жайлар ачылып калса, алар троллейбустук ишканалардын тарифи менен төлөөрү каралган);
  • Майнинг-фермалар үчүн — 2,91 сом (бул категорияга өзүнчө тариф каралган эмес).

Башка тарифтер мурдагы бойдон калат.

Кыргызстанда газдын жеңилдетилген баасы июлга чейин сакталмай болду
Былтыркы жылдын аягында Улуттук энергетика холдингинин жетекчиси Айтмамат Назаров Кыргызстанда чет элдик 45 майнинг-ферма иштеп, айына 100 миллион киловатт-саат электр кубатын колдонорун билдирген

Салыштырмалуу эсептей келгенде, бул үч облус: Нарын, Ысык-Көл жана Талас керектеген көлөмгө туура келген. Аларга тыюу салынган. Назаров "кардарлардан баш тартуу аңкоолук" болорун, бирок алар социалдык тариф менен төлөп жаткандыгын айткан. Ошол себептүү холдинг бул фермаларга 5 центтен, тагыраагы, киловаттына 3,3 сомдон алуу туура болорун белгилеген болчу.