Коопсуздук кеңеши декларациялоо мыйзамдарын күчөтүүнү көздөп жатат

Мыйзам долбоорунда антикоррупциялык жаңы иштиктүү механизмдер, бардык деңгээлдеги чиновниктердин чыгашалары менен кирешелерин көзөмөлдөөнү кыйла күчөтүү маселелери каралган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Коопсуздук кеңеши декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуу максатында иш алып барууда. Бул туралуу аталган кеңештин качысы Дамир Сагынбаев президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алган учурунда айтканын мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Декларация тапшыруудан буйтаган 18 прокурор жазаланды
Кеп "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды убактылуу ээлеген же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгашаларын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тууралуу" мыйзамы жөнүндө болуп жатат.

Ага өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору антикоррупциялык жаңы иштиктүү механизмдерди киргизет, бардык деңгээлдеги аткаминерлердин чыгашалары менен кирешелерин көзөмөлдөөнү кыйла күчөтөт. Ошондой эле бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн мурда эки гана нерсе негиз боло алса, эми сегизге чейин көбөйтүлөт.

"Бүгүнкү күндө мыйзамдарда бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн эки гана негиз каралган. Алар — маалыматтардын чындыкка дал келбеши жана кирешелери менен чыгашаларынын туура келбегендиги жөнүндө маалыматтар болгондо. Эми бул тизмени дагы алты негиз менен толуктоо каралууда. Аталган мыйзамдын кабыл алынышы менен өздөрүнүн кирешелери менен ири чыгашаларын жаап-жашырып келген адамдар эртеби-кечпи кылмыш жоопкерчилигине тартылат", — деди Сагынбаев.

Ал эми президент мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүүдө декларациялоо жөнүндө мыйзамдарды сактабагандыгы үчүн жоопкерчиликтин күчөтүлүшү маанилүү экенин белгиледи.

Аталган мыйзам долбоору бардык деңгээлдеги аткаминерлердин чыгашаларын жана кирешелерин көзөмөлдөөнү кыйла күчөтөт, ошондой эле коррупцияга каршы жаңы натыйжалуу механизмдерди киргизет.

Алардын ичинде:

  • декларанттын башка бирөөнүн мүлкүн иш жүзүндө пайдалангандыгы жөнүндө маалыматтарды берип туруу милдети;
  • бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн экиден сегизге чейин негиздердин көбөйүшү;
  • эгерде сатып алынган мүлктүн суммасы аны алган кишинин жалпы кирешесинен ашып кетсе жана ал мүлктү мыйзамдуу алгандыгы тууралуу тастыкталган маалыматты бербесе, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мүлкүн мамлекеттин кирешесине кайтаруу;
  • бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы же ага туура эмес маалымат киргизгендиги үчүн жоопкерчилик чараларын колдонуу.

Учурда мыйзам долбоору өкмөттүн кароосунда турат, андан ары Жогорку Кеңешке жиберилет.