БИШКЕК, 20-май — Sputnik. АКШ менен Швейцариянын окумуштуулар тобу COVID-19га оңой менен кабылбаган адамдар бар экенин аныктап чыккан. Бул туурасында Nature журналы жазган.
Аларды маалыматына караганда, 2003-жылы А тибиндеги вирус менен ооругандар коронавирустун жаңы түрүнө багынбай турганын айтышты.
Иликтөө учурунда SARS-CoV жуктуруп, курч респиратордук белгилер байкалгандар антителаларды иштеп чыгары белгилүү болгон. А бул коронавирустун клетканын үстүндөгү рецепторлору менен байланышына жооп берген процесс экендигин айтышты. Мындай антителалардын көп түрдүүлүгү SARS-CoV2ни алсыраткан күчкө ээ.
Окумуштуулар мындай көп түрдүү антителаларды иликтеп, ар тараптан үйрөнүп жасалган дары-дармектер COVID-19дун оор түрүн дарылаганга колдоноорун билдиришкен. Андан сырткары тобокел тобуна киргендердин ооруга чалдыгышынын алдын алуу иштеринде колдонулат.