Карантиндеги неберелер көзү өткөн чоң энесинин алтын куймаларын таап алды

Карантин аяктагандан кийин франциялык үй-бүлө экспертке кайрылганда уютулган металлдын чындыгында алтын экендиги тастыкталган. Куймалардын 1967-жылы сатылып алынганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Франциянын Долина-Луар аймагындагы чоң атасынын үйүнө карантинди өткөрүүгө келген балдар эски шейшептердин арасынан баасы болжол менен 100 миң еврого барабар эки килограммдык уютулган алтын таап алышкан. Бул тууралуу РИА Новости BFMTV телеканалына шилтеме берип жазды.

Обочолонуу маалында убактысын оюн менен өткөргөн 10 жашар балдар кезектеги күндөрдүн биринде шейшеп менен ойной башташкан.

"Атасы аларга чоң энесинин көптөн бери урунулбай турган шейшептерин ала берүүнү айткан. Тестиерлер алгач колуна урунган катуу нерсеге маани берген эмес. Аңтарып карагандын ордуна алысыраак жылдырып коюп оюнун уланткан. Балдар белгисиз буюм туурасында атасына бир нече сааттан кийин сөз арасында айтышкан. Үй-бүлө башчысы аны идиш-аяк болсо керек деген ой менен кызыгып ачып, ар бири бир килограммдан болгон эки алтын куйманы көргөн", — деп айтылат маалыматта.

Сүйгөнүнөн кол үзөрү менен байып кетти. Австралиялык кишинин окуясы
Карантин аяктагандан кийин үй-бүлө экспертке кайрылганда уютулган металл чындыгында алтын экендиги тастыкталган. Куймалардын 1967-жылы сатылып алынганы белгилүү болгон.

Учурда үй-бүлө табылганы 16-июндагы аукционго даярдап жатат. Соода-сатык боюнча комиссар Филипп Руяктын айтымында, жыл башында куйма 43 миң еврону түзсө, азыр анын наркы 52 миң еврого чейин өскөн. Маалыматта июнь айына чейин баасы 54 миң болору күтүлөт деп жазылган.