Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Күбөнүн видеосу

Азыркы тапта Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы жол кырсыгынын келип чыгуу себептерин тактап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Бишкекте Кайгуул милициянын кызматтык автоунаасы жол кырсыгына кабылганын "Бишкек сегодня" Telegram каналына күбө кабарлады.

Күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине окуя 20-майга караган түнү саат 00.30дар чамасында болгонун билдирди.

Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Күбөнүн видеосу
"Daewoo Nexia автоинспектордун машинасы менен кагышкан. Милиционерлер сиренасын күйгүзүп жол чырактын жашыл жарыгынан өтүп жаткан, ал эми Nexia кызыл күйгөнүнө карабай келип сүздү", — деди күбө.

Кадрдан милициянын автоунаасынын сол тарабы мыйрырып, үстүндөгү сирена жандыргычы да чыгып кеткенин көрүүгө болот. Анын ары жагында экинчи жеңил унаа турат. Жол кырсыгы болгон жерге бир нече адам чогулган.

Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы кырсык болгонун тастыктап, толук маалыматты кийинчерээк бере турганын билдирди. Жаракат алгандар жок экени айтылат.