Бейшембиге карата аба ырайы

Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.
Sputnik

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. 21-май, бейшемби күнү, Чүй менен Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Сел, кар көчкү жүрүү коркунучу бар! Шашылыш билдирүү
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22…+27, Таласта +20…+25, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +15…+20 жана Нарында +17…+22 градус жылуу болот.

Бишкек шаарын ала булут каптайт, жаан-чачын жаашы ыктымал, ал эми Ошто күн ачык болот. Абанын температурасы баш калаада +25…+27 градуска чейин жогоруласа, Ошто күндүн табы +28…+30 градуска дейре көтөрүлөт.