Учурдагы кырдаалды эске алганда, аралыктан окутуудан башка жол жок болчу. Сентябрда анын эффективдүүлүгү боюнча мониторинг жүргүзүлөт. Бул тууралуу Надира Жусупбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, электрондук окуу ресурстары бар болгондуктан, аралыктан окутууга өтүү жеңил болду.
"Кырдаалдан улам тез убакыттын ичинде телесабактарды тартууга туура келди. Бул ыкма абалдан чыгуунун жакшы жолу болгону менен айрым үйлөрдө телевизор жок болуп чыкты. Бирок коомчулук, жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр бул көйгөйдү чечип беришти. Мындан тышкары, интернеттин айрым аймактарда жай болгону кыйла маселе жаратты. Ата-энелердин, окуучулардын, мугалимдердин жалпы аракети менен дистанттык билим берүү ишке ашты. Айрым мугалимдер окутуу үчүн колдонулган платформаларды кыска убакытта үйрөнүп алышты. Натыйжада бардык тармак боюнча корутунду чыгаруудабыз. Сентябрь айына чейин аралыктан билим берүү боюнча мониторинг жүргүзүлүп, канчалык эффективдүү болгонун талдайбыз. Ошого жараша план түзүлүп, иш жүрөт", — деди Жусупбекова.
Ошондой эле ал телесабактарды мындан ары да токтотпостон, билим берүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган механизм катары колдонуу пландалып жатканын кошумчалады.