Боронов: Ысык-Көлдө эс алуу боюнча атайын эрежелер киргизилиши мүмкүн

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Эпидемиологиялык абал дагы деле курч бойдон калып жаткандыктан, Ысык-Көлдө эс алуу боюнча өзгөчө талаптар коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу брифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

"Сууга түшүү сезону башталганга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен биргеликте Ысык-Көлдө гана эмес, башка жактагы сууларга дагы түшүп эс алуу боюнча эреже иштеп чыгат деген ойдомун", — деди Боронов.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

"Дордой" баштаган ири базарлар ишке кирет. 25-майдан тарта жанданчу тармактар
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.