БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан обсервацияга убактылуу жайгаштырылган жарандарга күнүнө үч жолу ысык тамак берилип жатат. Бул тууралуу ӨКМ Facebook баракчасына жазды.
“Сүрөттө Бишкектеги обсервацияда жаткан жарандардын бүгүнкү менюсу. Тамактардын баары бир жолку колдонулуучу идиштерге салынып, үстү плёнка менен жабылып берилет”, — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча обсервация жайларында 2153 адам жатат.
Коронавирустун кесепети
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.