Коомдук транспорт 25-майдан баштап эл ташыйт. Талаптар

Алгач шаарларда коомдук транспорт 11-майдан тарта иштээри айтылган. Бирок эпидемиологиялык абалды эске алып, кийинкиге жылдырылган болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Шаардагы коомдук транспорт 25-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу брифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

"Коомдук транспортко элдин түшүүсү боюнча бир нече талаптар коюлат. Биринчиден, айдоочулар жана жүргүнчүлөр бет кап тагынышы керек. Экинчиден, аралык сакталышы зарыл. Бул боюнча жоопкерчилик транспорттук кызмат көрсөткөн компанияларга жүктөлөт", — деди Боронов.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

21-майдан тарта иштей баштачу тармактар. Тизме
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.