Бишкек мэриясы шаардыктардын үйүн тартып алабы? Муниципалитеттин жообу

Маалыматка караганда, турак жай фонду башынан эле мамлекетке тиешелүү жана өкмөттүн 1995-жылдын 30-октябрындагы токтому менен муниципалитетке өткөрүп берген. Бул документ азыркыга чейин күчүндө.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бишкек мэриясы интернетте муниципалитет көп кабаттуу үйлөрдө батири барлардын турак жайын тартып алууну пландап жатат деген маалыматты төгүндөдү.

"Социалдык тармактарда жана айрым маалымат сайттарында мэрия муниципалдык мүлк реестрине айрым көп кабаттуу үйлөрдү киргизди жана аларды алат деген кабар чыкты. Бул фейк!"— дешти шаар жетекчилигинен.

Мэрия: 21-майдан тарта бир катар соода борборлор ишин баштайт
Маалыматка караганда, турак жай фонду башынан эле мамлекетке тиешелүү жана аны өкмөттүн 1995-жылдын 30-октябрындагы токтому менен муниципалитетке өткөрүп берген. Бул документ азыркыга чейин күчүндө.

Мындан тышкары 1991-жылдан бери мүлктү менчиктештирүү мыйзамы иштеп келет. Ага ылайык, үйлөрдүн 95 пайызы менчикке чыккан. Бирок көп кабаттуу үйлөрдө батирлерден тышкары лифт, жер төлө жана чатыры бар. Булар шаардын балансында.

Маалымат кызматтан билдиришкендей, жарандардын менчигиндеги турак жайды эч кимдин тартып алууга укугу жок.