30 күндө талаптарды аткаргыла! Трамп ДCСУга ультиматум койду

Трамп ДССУну "коронавирус тууралуу өз убагында маалымат бербей, дүйнө коомчулугуна чындыкты жеткирбей койгон" деп айыптоодо.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 30 күндүн ичинде койгон талаптарды аткарбаса, АКШ аны каржылоону токтотуп, өлкөнүн уюмдагы мүчөлүгүн карап чыга турганын билдирди. Мындай катты ал ДССУ башчысы Тедрос Гебрейесуска кетиргенин РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Ак үйдүн башчысы уюмду Кытайдан көз карандысыздыгын далилдөөгө чакырган. Ошондой эле ДССУнун ишин талдоо жүргүзгөн америкалык бийлик органдары "олуттуу тынчсыздануулар" бар экендигин билдирип, бир нече талап койгон.

"Мамилени үзүп салсак эмне болмок?". Трамп Кытайды коркутту
Апрель айында америкалык лидер ДССУну Кытайга өтө эле көңүл бурганын, болбосо АКШ бөлгөн акчанын көпчүлүк үлүшүн аларын айтып, бир нече ирет сындаган. Буга байланыштуу уюмдун каржылоосун карап чыгууга убада берген.

Көп өтпөй Трамп ДССУга каражат бөлүүнү токтотуп жатканын жар салган. Ал "уюм коронавирус тууралуу өз убагында маалымат бербей, дүйнө коомчулугуна чындыкты жеткирбей койгонун" айткан. Трамптын мындай кадамын БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш сынга алганы маалым. Америка лидери өз кезегинде ДССУга бере турчу 500 миллон долларды зарыл нерсеге жумшай турганын белгилеген.