21-майдан тарта иштей баштачу тармактар. Тизме

Буга чейин кыргыз өкмөтү 1-май жана 11-май күндөрү экономиканын бир нече тармагынын ишин жандандырган эле.
Sputnik

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Бүгүнкү брифинг учурунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов буга чейин 21-майдан баштап ишке кирет деген тармактар дагы эки этапка бөлүнгөнүн билдирди.

Анын айтымында, алгачкы тизмеге кирбей калгандар ишмердүүлүгүн 25-майда жандандырат.

21-майдан тарта:

  • бардык тармактар боюнча калкты тейлөө борборлору;
  • автоунааларды каттоо борборлору;
  • тиричилик буюмдарын оңдоо (бут кийим, саат оңдоо сыяктуу);
  • эмерек чогултуу жана оңдоо;
  • соода борборлору (андагы балдар ойноочу, тамактануу жана көңүл ачуу жайлары иштебей турат);
  • азык-түлүккө кирбеген товарларды сатуучу түйүндөр;
  • автоунаа базарлары;
  • мал базарлары;
  • менчик, чакан мончолор, СПА-борборлор;
  • мейманканалардын ишмердүүлүгү (бассейн жана спорт залдары иштебейт).

Мында ишин жанданткан мекеме-уюмдарда талаптардын сакталышы текшерилип турмакчы.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Бишкекте санитардык эрежелер кандай сакталууда? Шаар көчөлөрүнөн видео
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.