UFC чемпиону Вэйли Чжан кайрадан Валентина Шевченкого чакырык таштады

Кытайлык спортчу кыз мартта Жоанна Енджейчикти утуп, чемпиондук курун коргоп калган. Бул анын наам коргоодогу биринчи беттеши болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Вэйли Чжан кайрадан Валентина Шевченко менен беттешүү ниетин билдирди. Бул тууралуу South China Morning Post гезити жазып чыкты.

Кытайлык спортчу мартта Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 248 турниринде Жоанна Енджейчик менен беттешип, утуп алган. Бул анын наам коргоодогу алгачкы таймашы болчу.

"Беттеш мен психологиялык жактан күчтүүрөөк болуп, өзүмө ишенишим керек экенин көрсөттү. Спаррингдерим 10 раунддан, бирок октагонго чыгуу машыгууга такыр окшошпойт. Көпчүлүк мени тез эле чарчап калат деп ойлогон, бирок беш раунддан тең татыктуу өттүм", — деген Чжан.

Ал турнирден кийин коронавирустан улам көпкө чейин Лас-Вегастан кете албай, мекенине 21-апрелде гана кайтканын кошумчалаган. Кытайга келгенден кийин спортчу эки жумага карантинге алынган.

Сөөктөрүм сынды. Холли Берри Валентина Шевченконун соккулары тууралуу
Чжан муну менен токтоп калбай турганын айтты. Эми жакын арада өзүн башка салмак категориясында сынап көрүүнү пдандоодо.

"Мен өз салмагымда чемпион боюнча калгым келет. Ошону менен бирге оорураак категориядагы спортчу Валентина Шевченко менен да беттешсем дейм", — деди спортчу.

Вэйли Чжан Шевченкого биринчи ирет чакырык таштап жаткан жок. 2019-жылы Жессика Андрадени жеңип, минималдык салмакта чемпион болору менен беттешүү ниети тууралуу жар салган. Анда Валентина Чжан алгач өз категориясындагы мыктылар менен күч сынашып, чемпиондук титулун тастыкташы керек экенин айтып жооп кайтарган.