COVID-19: бир суткада төрт медик вирус жуктуруп, сегизи сакайды

Оору менен күрөшүп жүрүп өздөрү жугузуп алган ак халатчандардын саны 255ке жетти. Анын дээрлик көбү сакайып чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде төрт медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Ал эми стационарлардан сегиз медик сакайып чыкты. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча COVID-19 диагнозу 255 ак халатчанга коюлуп, анын 212си стационарлардан айыгып чыккан.

Коронавирус кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.