Кескин көбөйдү! Бүгүн 78 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаал режими бүгүнкү күндө да күчүндө. Бийлик элди аралыкты сактап, таза жүрүүгө жана эрежелерди сактоого чакырып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Кыргызстанда бүгүн 78 кишиден коронавирус табылганын брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Бишкек шаарында үчөө, аларга Санкт-Петербургдан келип коронавируска кабылганы аныкталган үч киши кошулду. Мындан сырткары, Чүй облусунда үч кишиден башка Соль-Илецк шаарынан келген 43 адамдан вирус аныкталган. Нарында 14, Ош шаарында беш, Ош облусунда алты, Жалал-Абад облусунда бир кишиден чыкты.

Ушуну менен республика боюнча 1216 киши коронавируска кабылганы белгилүү болду.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.