Бир нече кредитиңиз барбы? Эксперт карыз төлөөнүн ыңгайлуу жолун атады

Адис насыяларды кайра каржылаган учурда эң төмөнкү пайыздык коюму бар банктарды карап чыгууну сунуштаган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бир нече карызды төлөөрдө анын эң кичинесинен баштаган туура экендигин Россиянын Каржы министрлигинин каржы сабаттуулугу боюнча долбоорунун эксперти Елена Кисмина билдиргенин "Известия" жазды.

"Эгерде бир нече насыя болсо, аларды кичинесинен баштап жазып алыңыз. Биринчи эң кичине өлчөмдөгү насыяны мөөнөтүнөн мурда кайтарып берүүгө бардык аракетти жумшаңыз. Аны төлөө үчүн дайыма акча бөлүңүз, ал эми башка насыялар боюнча минималдуу төлөмдөрдү жүргүзө бериңиз", — деген ал.

Адис белгилегендей, биринчи карызды төлөп бүткөндөн кийин экинчисине өтүү керек. Мында алгачкы карыздан кутулгандан кийин бошогон сумманы колдонууга болот.

Пандемиядан кийин кайсы тармакта айлык көтөрүлөт? Эксперттин пикири
Эксперттин айтымында, мындай ыкма менен жыйынтык тез көрүнөт дагы, адамда көбүрөөк акча табууга, үнөмдөөгө, кошумча каражат издөөгө мотивация пайда болот.

Кисмин насыяларды кайра каржылаган учурда эң төмөнкү пайыздык коюму бар банктарды карап чыгууну сунуштайт. Бирок камсыздандырууга, комиссияларга жана башка чыгымдарга дагы көңүл бурушуңуз керек.

Адис ошондой эле каржылык кыйынчылыктарга туш болгон жарандар насыя каникулу укугун колдоно алышарын белгиледи.