БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Өткөн аптада Жогорку Кеңеш биринчи окууда Кыргызстандын быйылкы бюджетине өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду жактырды.
Көңүл борборундагы маселелердин бири — жалпы чыгымды 10,3 миллиард сомго кыскартуу.
Sputnik агенттиги кайсы министрлик жана ведомстволордун бюджети кандай берене боюнча азаяры тууралуу материал даярдады.
Эмнеге мындай болуп жатат?
Божомолдоолорго караганда, бул жылы киреше (салык жана бажы төлөмдөрү) 30,8 миллиард сомго кыскарып, 132,9 миллиардды гана түзөт. Анын үстүнө коронавирус менен күрөшүүгө каражат талап кылынууда. Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү 161,3 миллиард сом болмокчу.
Кайсы статьялар боюнча чыгымдар кыскартылат?
Төмөнкү чыгымдарды оптималдаштыруу пландалып жатат:
- капиталдык салым — 1 миллиард сомдон жогору;
- аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чаралар — 1,1 миллиард сомго;
- максаттуу трансферттер жана дем берүүчү гранттар — 1,2 миллиард сомго;
- министрлик менен ведомстволордун арткычылыксыз чыгымдары — 5,9 миллиард сомго;
- өкмөт тарабынан эл аралык программаларды жана долбоорлорду биргелешип каржылоо — 494 миллион сомго;
- башка мамлекеттик иш-чаралар жана төлөмдөр — 1,6 миллиард сомго.
Мамлекеттик органдардын чыгымдары кантип кыскартылат
Төмөндө мамлекеттик ишканалардын бюджеттерин кантип өзгөртүү пландалып жаткандыгы боюнча кеңири көрсөтүлгөн (атайын каражаттарды эске алуу менен). Тизмеге министрлик, ведомстводон тышкары башка мекемелер, жада калса телеканалдар дагы киргизилди. Кыскасы, ИИМ, УКМК жана Коргонуу боюнча комитеттен тышкары, мамлекеттин акырынан "жем жегендердин" бардыгынын бюджети кайра каралып чыгат.
Ооба, айрым ведомстволордун чыгымы өстү, мисалы, ӨКМдики. Ал эми Жогорку Кеңеш, президент жана өкмөттүн аппараттары баш болгон бир топ мекемелердики, тескерисинче, азайды.
Белгилей кетсек, бул алдын ала көрсөтүлгөн суммалар. Мыйзам долбоору дагы эки окуудан өтүшү керек.