БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкекте аптанын башталышы менен доллар бир аз кымбаттады. Мисалы, 16-майда акча алмаштыруу пунктулары Америка акчасын 76,3 сомго сатып алып, 76,9 сомдон сатышса, бүгүн долларды сатып алуу — 76,3 сом, сатуу — 77 сом болуп калды. Улуттук банктын расмий курсу — 76,5 сом.
Еврону сатып алуу — 81.60, ал эми сатуу 83.94 сомго бааланып жатат. Рубль наркы бир сомдун тегерегинде (сатып алуу — 1.035, сатуу — 1.062 сом) кармалып турат.
Автоунааларга пайдаланчу АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литри 33.7-33.9 сомдон, ал эми АИ-95 түрү 37.7-37.9 сомдон сатылууда.
Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин. Уютма сатуу башталгандан бери 220 килограмм алтын соодаланган.
Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатып гана тим болбостон, аны сатып да алат. Баа Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюлуп турат.