Акыркы суткада 23 киши коронавирусту жеңип, ооруканадан чыкты

Республика боюнча жалпы 827 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бардыгынан кайталап алынган тесттер коронавирустун организмде жок экенин көрсөттү.
Sputnik

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бир сутка ичинде 23 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Алардын ичинен 20 киши Бишкек шаарынын, үчөө Жалал-Абад облусунун тургундары”, — деди ал.

Республика боюнча жалпы 827 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1216 болду. Анын ичинен 827си айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Ушу тапта өлкө аймагында абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.