Түркия кыргызстандыктарга дарылануу үчүн келүүгө уруксат берди

Түркия жалпы жонунан 31 мамлекеттин жарандарына кирүүгө уруксат берген. Чек арадан коронавируска тапшырган тести таза чыккан бейтаптар гана өтө алат.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Түркия бийлиги медицина мекемелеринен дарылануу үчүн 31 мамлекеттин жарандарына кирүүгө уруксат берди. Анын ичинде Кыргызстан дагы бар. Бул тууралуу Anadolu агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Түркияда чектөөлөр 20-майда алынат.

"Бейтаптар колдоно алчу кызматтардын тизмесине ортопедия, травматология, жалпы хирургия, балдар хирургиясы, урология, көз оорулары, кардиология, онкология, нейрохирургия, гематология, репродуктивдүү терапия, органдарды трансплантациялоо кирген. Кыргызстандан тышкары, Түркия чек арасынан Азербайжан, Өзбекстан, Грузия, Түркмөнстан, Казакстан, Германия, Улуу Британия, Нидерланддар сыяктуу бир катар мамлекеттердин жарандары өтө алат. Баарынын коронавируска тапшырган анализи таза болушу керек", — деп айтылат маалыматта.

Anadolu басылмасы билдиргендей, Түркияда дарылана турчу четөлкөлүк жарандардын тизмеси алгач медициналык көзөмөл боюнча эл аралык системага киргизилет. Ал жактан алдын ала макулдук алгандан кийин гана дарыланууга уруксат берилет.