Бишкектен Москвага 400дөй РФ жараны учуп кетти

Эскерте кетсек, бүгүн Россиянын баш калаасынан Кыргызстандын 400гө чукул жараны учуп келген болчу.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкектен Москвага 400дөй россиялык жаран "Аэрофлоттун" чартердик каттамы менен учуп кетти. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун сайтында маалымдалды.

Ушул эле компаниянын каттамы менен бүгүн Москвадан Бишкекке 378 кыргызстандык келди.

Буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги өз жарандарын чыгарып кетүү боюнча аракеттер башталганын билдирген болчу.