Көбү бейтап. Бүгүн Москвадан 400дөй кыргызстандык учуп келди

Буга чейин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өлкөгө жөнөтүлгөндөрдүн арасында бейтаптар, майыптар, кош бойлуулар бар экендигин билдирген.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бүгүн, 17-майда, Москва — Бишкек чартердик каттамы менен 378 кыргызстандык өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Көбү бейтап. Бүгүн Москвадан 400дөй кыргызстандык учуп келди

Ага ылайык, мекендештерди "Аэрофлот" авиакомпаниясы алып келди.

Буга чейин Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өлкөгө жөнөтүлгөндөрдүн арасында бейтаптар, майыптар, кош бойлуулар бар экендигин билдирген.

Буга чейин 12-майда Россиядагы КРдин элчилигинин имаратынын алдына кыргызстандыктар чогулуп, нааразылыгын билдирген. Алар Москвадан Кыргызстанга алып кетүү талабын коюшкан. 14-майда Москвадан 147 кыргызстандык мекенге кайтарылган болчу.