Быйыл Кыргызстан тышкы карызын кайсы валюталар менен төлөйт

Тышкы карыздан кутулууга жыл ичинде 16,2 миллиард сом сарптоо каралган. Бирок доллардын курсу өскөнүнө байланыштуу бул көрсөткүч дагы 2 миллиард сомго көбүрөөк болору күтүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ушул жылы мамлекеттик карыздан кутулууда валютанын сегиз түрү колдонулат. Бул тууралуу республикалык бюджетти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорунда айтылат.

Кыргызстан жыл башынан бери тышкы карыздан да ички карызга көп акча коротту
Февраль айына карата берилген маалымат боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,6 миллиард долларды түздү. Анын ичинен 3,9 миллиарды — тышкы карыз.

Тышкы береседен кутулууга жыл ичинде 16,2 миллиард сом сарптоо каралган. Бирок доллардын курсу өскөнүнө байланыштуу бул көрсөткүч 18,1 миллиард сом болушу күтүлүүдө.

Алдын ала маалыматтарга караганда, карызды төмөнкү акчалар менен төлөйбүз.

  • Доллар — 84,7 пайыз;
  • Евро — 6,1 пайыз;
  • Япон йени — 6,1 пайыз;
  • Китай юаны — 0,8 пайыз;
  • Сауд Аравия риалы —  0,8 пайыз;
  • БАЭ дирхамы — 0,6 пайыз;
  • Түшүк Корея вону — 0,5 пайыз;
  • Кувейт динары — 0,4 пайыз.