Вирус менен күрөшкөн министр, комендант, облус башчылары апалары менен. Сүрөт

Sputnik

Белгилей кетсек, дүйнөдө Энелердин эл аралык күнү майдын экинчи дем алышында белгиленет. Кыргызстанда май майрамдарынын көптүгүнө карап үчүнчү жекшембиге коюлган.

Эл көрө элек сүрөттөр! Атактуу адамдар мектеп курагында кандай эле?
Сиздер сүрөт түрмөктөн вирусту ооздуктоого салым кошуп жаткан министрлердин, убагында тартипти сактап берген коменданттардын, облустук штаб жетекчилеринин (өкмөттүн өкүлдөрү) жана башка кызматтагы адамдардын энелерин көрө аласыздар.

Эске сала кетсек, былтыр Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдөгү белгилүү саясатчылар менен коомдук ишмерлердин апасы менен түшкөн сүрөттөрүн сунуштаган.

Ал эми 2018-жылы Кыргызстандын атын далайга тааныткан спортчуларды апасы менен чыгарганбыз.

1 / 21
Ак халатчандардын башында турган саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов апасы Салима Дарбанова менен. Ал үч жыл мурда 90го чыгып каза болгон.
2 / 21
Күн сайын брифингде калктын ден соолугу тууралуу маалымат берген саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев
3 / 21
Апасы Сүйүн Касендеева 78 жашта. Беш эркек баланы тарбиялап өстүргөн.
4 / 21
Дезинфекциялоо иштеринде куткаруучулардын салымы чоң экендиги белгилүү. Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров апасы Салия Турдуматова менен. Ал 69 жашта, үч уул, эки кызды тарбиялаган. Көп жыл китепканачы болуп иштеген.
5 / 21
Кыйын учурда элге социалдык жактан жардам көрсөтүп жаткан эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров апасы Багыниса Абдиламитова менен. Учурда 68 жаштын чайын ичип олтурат. Төрт эркек, эки кызды тарбиялап, 24 небересин, бир чөбөрөсүн эркелетип отурган чагы.
6 / 21
Карантин убагында муктаждарга кол сунуу үчүн "Жардам" штабы ачылганы маалым. Ал жакка ыктыярчыларды тартууга салым кошкондордун бири Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча агенттиктин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов. Апасы Гүлжан Үтүрова 54 жашта, бир уул, эки кызды тарбиялаган.
7 / 21
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин алдында түзүлгөн штаб учурда мекендештерге ар тараптан колдоо көрсөтүп келет. Сүрөттө элчи Аликбек Жекшенкулов энеси Сайнап Жаниязова менен. Апасы 2002-жылы 63 жашында оорудан каза болгон.
8 / 21
Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча мурдагы комендант Жеңиш Жоробеков апасы Буниса Жоробекова менен. Учурда 83 жаштын сыйын көрүп отурат. Буниса апа төрт уул, үч кыздын энеси.
9 / 21
Ош шаары жана Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча мурдагы комендант Малик Нурдиновдун апасы Айым Нурдинова 2018-жылы 68 жашында каза тапкан. Ал 45 жыл медицина тармагында кызмат кылган. Төрт уул, бир кызды тарбиялаган.
10 / 21
Нарын шаары жана Ат-Башы району боюнча мурдагы комендант Уланбек Аалиев
11 / 21
Апасы Шайырбүбү Мамырбаева 73 жашта. Төрт баланы чоңойткон. Улан Аалиев үйдүн жалгыз уулу.
12 / 21
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев
13 / 21
Апасы Зина Исмаилова былтыр 89 жашында көз жумган. 14 баланы төрөп, тогузун эрезеге жеткирген. Өкүл Узарбек Жылкыбаев үйдүн кичүүсү.
14 / 21
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов
15 / 21
Апасы Табылкан Ашымова 2013-жылы 85 жашында көзү өтүп кеткен. Жети баланы тарбиялап өстүргөн. Кесиби мугалим болгон. Ыр жазып, үч китеп чыгарган.
16 / 21
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов апасы Сайдагүл Абдрахманова менен. Сайдагүл апа 80 жашта, 13 баланын апасы, 105 небере, чөбөрөнүн чоң энеси.
17 / 21
Өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев
18 / 21
Апасы Лала Абдыкадырова тогуз жыл мурда 86 жашында көз жумган. Төрт уул, үч кызды тарбиялаган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде тылда эмгектенип, бир катар сыйлыктарды алган.
19 / 21
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Алтынбек Намазалиев энеси Роза Намазалиева менен. Апасы өмүр бою каржы тармагында иштеп, төрт баланы чоңойткон. 2017-жылы 67 жашында дүйнө салган.
20 / 21
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Акылбек Осмоналиев
21 / 21
Апасы Сайпжамал Осмоналиева педагог болгон. Алты уул, беш кызды чоңойткон. 2008-жылы 81 жашында көз жумган.