Күч органдарында иштеген 65 кызматкер коронавирустан дарыланып жатат

Сырттан жүк ташуучу автоунааларды айдап келген айдоочулар, медиктер, чет өлкөдөн келген мекендештер жана күч структурасында иштегендер тобокелчилик тобуна киришет.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстанда жалпы укук коргоо органынын 65 кызматкеринен коронавирус аныкталган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, күч структурасы да тобокелчилик тобуна киришет.

"Сырттан жүк ташуучу автоунааларды айдап келген айдоочулар, медиктер, чет өлкөдөн келген мекендештер жана укук коргоо органынын кызматкерлери тобокелчилик тобунда. Мындан улам булардын баары коронавируска тест тапшырып жатышат. Мунун негизинде күч структурасынын 65 өкүлүнөн коронавирус табылды", — деди Үсөнбаев.

COVID: бир суткада үч медик ооруга чалдыкса, төртөө айыгып чыкты
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1138 болду. Анын ичинен 804ү айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.