БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде үч медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, жаңы жуктурган үч медиктин бири Нарындагы төрөт үйүнүн кызматкери болсо, экөө аскер госпиталында иштейт.
Ал эми стационарлардан төрт медик сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 251 учур катталды. Алардын 204ү стационарлардан айыгып чыккан.
11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.
Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.