Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

18-майда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт.
Sputnik

БИШКЕК, 17-май. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 18-майда, күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +22...+27, Талас аймагында +21...+26, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +17...+22 жана Нарын жергесинде +16...+21 градус жылуу болору айтылды.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +25...+27, Ошто +26...+28 градуска чейин көтөрүлөт.