Жекшембиге карата аба ырайы

17-майда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча аба ырайынын өзгөрүлмөлүү болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +17…+22, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарында +16…+21 градус болот.

Бишкекте мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы +20…+22, ал эми Ош шаарында күн ачык болуп +23…+25 градус болору айтылды.