БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктап, эне-баланы коргоо, социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин айткан. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Жаштарыбыздын руханий көрөӊгөсү, мекенге болгон сүйүүсү, атуулдук сезими — энелердин мээриминен башталат, алардын таалим-тарбиясына барып такалат. Энелердин жана балдардын ден соолугун коргоо, аларды социалдык жактан колдоо — мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты", — деп айтылган куттуктоодо.
Президент энелерге чың ден соолук, узун өмүр, бактылуу жашоо кааларын билдирген.
Кечээ Жээнбеков республиканын көп балалуу энелерин Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйлоо жөнүндө жарлыктарга кол койду.
Эске салсак, Энелер күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен 2012-жылы жарыяланган. Бул майрам Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.