Өзбекстан: каптаган суудан каза тапкандардын саны алты кишиге жетти

Набыт болгондордун экөө аял, төртөө эркек киши. Дайынсыз болуп жаткан жаран дагы эркек экени айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өзбекстандын Сырдарья облусундагы дамбанын жырылышынын кесепетинен каза тапкан адамдардын саны алтыга жетти, бирөө дайынсыз болууда. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин уюштуруу-аналитикалык башкармалыгынын жетекчиси Камилжон Ариповго таянуу менен жазды.

Анын айтымында, каза тапкандардын экөө аял, төртөө эркек киши. Дайынсыз болуп жаткан жаран дагы эркек.

Жээнбеков Мирзиёевден элдин ал-жайын сурап, колдоо сөздөрүн айтты
Эскерте кетсек, 1-май күнү Сырдарья облусунун Сардобин суу сактагычындагы дамбанын бир бөлүгү жырылган. Мындан улам коңшу өлкөдө 90 миңге чукул адам коопсуз жайга көчүрүлгөн. Кырсыктан 56 адам жабыркап, ооруканага түшкөнү айтылган. Эвакуацияланган жарандар мектеп, колледж жана ишканаларга жайгаштырылган. Айрымдарына коңшу райондун тургундары өз үйүнөн орун берген.

Ал эми 2-май күнү суунун агымы Казакстандын Түркстан облусуна жетип, казак өкмөтү 31 миңден ашык айыл тургунун эвакуациялады.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы “Кызматтык шалаакылык” жана “Тоо-кен, курулуш же жарылуу коркунучу бар иштерде коопсуздук эрежелердин бузулушу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматы жүргүзүп жатат.

Сардобин суу сактагычы 2017-жылы 922 миллион куб метр сууну сактоого ылайыкташтырып курулган. Андан Сырдарья жана Жизак облустарынын алты районунун эгиндери сугарылып турган.