Микробиолог: COVID-19 акча аркылуу дагы жугат

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандар 4,5 миллиондон ашты. Ооругандардын саны боюнча сап башында АКШ, Россия, Улуу Британия, Испания жана Италия келе жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Башка нерселердей эле акчанын бетинде дагы коронавирус бир нече саат бою кармалат. Андыктан пандемия учурунда колдон келишинче накталай акчаны азыраак алышып-беришүүнү сунуштаган микробиолог Евгений Плисовдун пикирин “Известия” басылмасы жазды.

“Албетте, мүмкүнчүлүк болсо бардык төлөмдөрдү банктык карта аркылуу ишке ашырган жакшы. Эгер накталай акчаны кармап, бирөө менен алышып-беришүүгө туура келсе, антисептикалык каражат пайдаланыңыз. Үйгө келгенде колду самындап жуумайынча эч ким менен учурашып же балдарга жолой көрбөңүз”, — деди адис.

Коронавирус тууралуу

Адис COVID-19га кандай учурда иммунитет пайда болорун айтып берди
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 15-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 4 444 670ке жетти.