Антисептикалык каражаттын ордуна айнек жуугуч. Мэрия тартип бузгандарга айып салды

Ар бир райондук акимиатта администрация кызматкерлеринен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлорунан жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топтор түзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкекте санитардык эрежелерди бузгандар дагы деле көп болууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Мэрия: Бишкекте санитардык эрежелер сакталбай жатат
Эске салсак, ар бир райондук акимиатта администрация кызматкерлеринен, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун инспекторлорунан жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнөн турган мобилдик топтор түзүлгөн.

Алар бардык супермаркеттерди, базарларды, кафелерди, сулуулук салондорун жана ишканаларды кыдырып жатат.

Бүгүн аталган топ “Орто-Сай” жана  “Ош” базарларынын тегерегин карап чыгышты.

“Көбүнчө сатуучулар маска тагынбайт, кире бериште санитайзерлер жок, болсо дагы бош. Юнусалиев көчөсүндөгү брокерлик клубда санитайзердин ордуна кадимки айнек жуучу каражатты коюп коюшкан”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми “Ош” базарынын жанындагы уюлдук телефондор үчүн майда-чүйдө саткан дүкөн уруксаты жок эле ачылып алган.

Тартип бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айрымдарына Эреже бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүүдө. Акыркы үч күн ичинде таптип бузгандарга 228 миң сомдук айып салынган.