БИШКЕК, 15-май — Sputnik. АКШ коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам Кытай менен болгон мамилесин толугу менен токтотуп коюшу мүмкүн эле. Бул тууралуу Дональд Трамп Fox News телеканалына берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз көп нерсени кылып коймокпуз. Мамилебизди таптакыр бузуп алашыбыз мүмкүн эле. Эгер ошондой кылсак, эмне болмок? Мамилени толугу менен бузуп койгондо, 500 миллиард доллар үнөмдөлмөк", — деген Трамп.
Трамп мындай жоопту АКШ сенаторлорунун биринин кытай студенттерине Вашингтонго виза берүүсүн токтотуп коюшу мүмкүн деген сунушуна түшүндүрүп берип жатканда айткан. Ошондой эле Трамп Кытай лидери Си Цзиньпин менен жакшы мамиледе экендигин белгилеп, бирок ага азыр чалып сүйлөшүүгө ниети жок экенин белгилеген.
Кытай тарап буга нааразычылык билдирип, долбоордо фактыларга көңүл бурбай эле өч алуу санкцияларынын киргизилишине жол берилгенин белгилеген.
Ал арада Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков Москва АКШнын айыптоолорун негизсиз деп эсептей турганын айтып чыкты. Анын пикиринде, эпидемия учурунда Кытайды кандайдыр бир аракеттери үчүн күнөөлөбөй туруш керек.