Отунбаева COVID-19дун вакцинасын бекер таратууга чакырган документке кол койду

Ачык кат Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын жыл сайын өтүүчү сессиясын утурлай жарыяланган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Дүйнөдөгү 140тан ашуун азыркы жана мурунку лидерлер, анын ичинде Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев коронавирустун вакцинасы чыккандан кийин аны акысыз таратууга чакырык таштады.

Алар дүйнөдөгү өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө ачык кат жазып кол коюшан. Документти БУУнун ВИЧ/СПИД (UNAIDS) боюнча Бириккен программасы жарыялады.

Анда бийлик жана эл аралык өнөктөштөр коопсуз жана эффективдүү вакцина пайда болгондон кийин тынымсыз чыгып турушуна жана бардык өлкөнүн жашоочуларына бекер таратылышына дүйнөлүк деңгээлде кепилдик бериши керектиги айтылат.

"COVID-19дун вакцинасы кимдир бирөөгө таандык эмес, баары үчүн акысыз болушу керек. Дипломатиялык мааниде айтылган сөздөрдүн кереги жок, бизге азыр юридикалык жактан кепилдик керек", — деп жазылат документте.

Дүйнөлүк экономиканы түшкө кирбеген кризис күтүп турат. Кооптуу прогноз
Ачык кат Дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын жыл сайын өтүүчү сессиясын утурлай жарыяланган. Аталган сессия 18-19-май күндөрү көптөгөн өлкөлөрдүн саламаттык сактоо министрлеринин катышуусу менен болот.

Документке дүйнөдөгү 140 саясатчы кол койгон. Алардын арасында Түштүк Африка Республикасынын азыркы президенти Сирил Рамапоса, Сенегал өлкөсүнүн башчысы Маки Саль, Гананын президенти Нана Акуфо-Аддо бар. Ал эми экс-премьер-министрлерден Гордон Браунду (Улуу Британия), Хосе Луис Родригес Сапатеро (Испания), Хелен Кларк (Жаңы Зеландия), Виктор Януковичти (Украина) кездештирүүгө болот. Ошондой эле Латвиянын мурдагы президенти Вайра Вике-Фрейберга жана экономика боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Жозеф Стиглиц чакырык таштаган.