Ош менен Баткенде кызмат учурунда ажал тапкан 53 милиция кызматкери эскерилди

Кызмат өтөп жатып курман болгон ички иштер орган кызматкерлеринин ысымы орто мектептерге жана көчөлөргө ыйгарылган.
Sputnik

ОШ, 15-май — Sputnik. Ош облусунда кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлери эскерилип, айкелдерине гүлчамбарлар коюлду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Ош менен Баткенде кызмат учурунда ажал тапкан 53 милиция кызматкери эскерилди

Иш-чара бүгүн, 15-майда, Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов, ардагерлер жана милиция кызматкерлеринин катышуусу менен өткөн. Алар курман болгон кесиптештерин эскерип, арбактарына багыштап куран түшүрүшкөнү айтылат.

Нурдинов Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдан бери Ош облусунда кызмат учурунда 35 милиция кызматкери курман болгонун белгиледи.

"Кесиптештерибиздин эрдиги жана жаркын элеси эч качан унутулбайт. Өрнөктүү өмүрү жаш кызматкерлер үчүн үлгү болуп, ысымдары көчөлөргө, мектептерге берилген, алар жөнүндө китептер жазылып, документалдык тасмалар тартылган", — деди Нурдинов.

Ок жеп, кырсыктап, бычакталып... Кызматта жүрүп үйүнө кайтпай калган милиционерлер
Иш-чарада каза болгон милиция кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө азык-түлүк жана акчалай жардам берилди.

Ушундай эле эскерүү Баткен облустук милициясында да өткөрүлдү. Облус аймагында жалпысынан кызмат өтөп жатып 18 кызматкер каза болгон.

Арасында 1999-жылы Баткен окуясында экстремисттик топтордун колунан каза болгон милициянын сержанты Касымбек Шадыбеков да бар.