Ош шаарында аялдамалар оңдолуп, жаңыланып жатат. Сүрөт

Ош шаарында бир айдын ичинде 100дөн ашуун аялдама оңдолот, жарыктандыруу системасы жаңыланат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош шаарында аялдамаларды оңдоп-түзөө иштери башталганын шаардык муниципалитеттен билдиришти.

“Бул иштер 100дөн ашуун аялдаманы камтыйт. Алардын жарыктандыруу системасы жаңыланып, жарнактар жармаштырылганы үчүн жарактан чыккан стенддердин айнектери алмаштырылат”, - деп айтылат маалыматта. 

Коомдук транспорттор токтоочу жайлардын айланасы иретке келтирилип, отургучтар, жарнама илинүүчү жайлар сырдалары да кошумчаланган.