Ош шаардык милициясы каза болгон кесиптештерин үйлөрүнө барып эскерди. Сүрөт

Бүгүн Кыргызстанда кызмат учурунда каза тапкан ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кызмат учурунда каза болгон милиционерлердин үй-бүлөсүнө барып, жардам көрсөттү. Бул туурасында ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн кызмат учурунда каза тапкан ички иштер органдарынын кызматкерлерин эскерүү күнү. Буга карата шаардык милициянын атайын тобу набыт болгон 13 кесиптешинин жакындарынан кабар алган.

"Бүгүнкү санитардык-эпидемиологиялык кырдаал каза болгон кызматкерлердин жакындарын топтоп, сый көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Жагдайды эске алып биз ар биринин үйүнө барып кабар алабыз. Набыт болгон кызматкерлер бүгүн гана эмес, ар дайым эсибизде", — деп айткан Ош ШИИБдин башчысы Мурат Боронов.

Ошондой эле маркум милиция кызматкерлерине багышталып куран окулганы айтылат.