БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Россиянан тергөө комитети "Өлбөс полк" онлайн-жүрүшүнүн сайтына нацисттик кылмышкерлердин сүрөтүн жайгаштырган адамдарды аныктады. Бул тууралуу РИА Новости ведомствонун расмий өкүлү Светлана Петренкого таянуу менен жазып чыкты.
Буга чейин "Өлбөс полк" жүрүшүнүн уюштуруучулары курман болгондорго шек келтирчү аракеттерге туш болушканын айтышкан. Ардагерлердин сүрөтүнүн ордуна айрымдар улутчул Германиянын жол башчыларынын, офицер жана идеологдорунун сүрөттөрүн жөнөтүшкөн.
Маалыматка ылайык, тергөө аталган IP-даректерди жана алардын ээлерин тактап чыккан.
"Мындай жосунсуз жорукка ондогон адамдын тиешеси бар экени аныкталды. Басымдуу бөлүгү чет элдик жарандар. Шектүүлөрдүн арасында өлкөнүн ар кайсы региондорунда жашаган 10дон ашуун россиялык жаран бар", — деди Петренко.
Билдирүүдө бул аракеттердин баары нацисттик режимди колдоо иретинде жасалганы айтылат. Учурда тергөө жүрүп, шектүүлөргө издөө жарыяланган.
Эскерте кетсек, "Өлбөс полк" жүрүшү онлайн форматта 9-май күнү өткөн. Ага катышуу үчүн үч миллиондон ашуун каалоочу билдирме жөнөткөн.