Бишкек менен Нарында коронавирус жуктурган эки бейтап каза болду

Каза болгон бейтаптардын бири 84 жаштагы аял болсо, экинчиси 55 жаштагы эркек. Экөөнүн тең анализдеринен коронавирус табылган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус аныкталган эки бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бейтаптын бири Нарын облусунда жашаган 84 жаштагы кемпир.

"Көптөн бери ооруп жүргөн экен. Март, апрель айларында да эски оорулары козголуп ооруканага кайрылган. Кечээ жакында дагы ооруканага келип, реанимацияга түшүп, медиктердин көргөзгөн жардамына карабай көз жумду. Анализдерин алып тастыктаганда андан коронавирус да табылды. Сөөгү кечээ жерге берилди. Бул бейтап келген айылда эпидемиологиялык көзөмөл жүрүүдө", — деди Үсөнбаев.

Министрдин орун басары Бишкекте коронавирус жуктурган дагы бир киши каза тапканын айтып, ал 55 жашта экенин кошумчалады. Бейтап Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында дарыланып жаткан.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1111ге жетип, 745 киши айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Вирус табылган 14 бейтап көз жумду.