Өкмөт: Москва, Новосибирск, Оренбург шаарларынан чартердик каттам уюштурулат

Оренбургдагы Россия менен Казакстандын чек арасында кайрадан 500дөй кыргыз жараны топтолуп калганы айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Май айынын аягына чейин Москва, Оренбург жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар уюштурулат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө учурда Оренбургдагы Россия-Казакстан чек арасында кайрадан 500дөй кыргыз жараны топтолуп калганы белгиленет.

"Мекендештерди өлкөгө алып келүү боюнча иштер уланууда. Акыркы мезгилде айрым саясий партиялардын, коммерциялык эмес жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү жоопкерчиликсиз билдирүүлөрдү жасап, кыргызстандыктарды алып келүү кызматын сунуштаган учурлар көбөйдү. Тилекке каршы, алар жалган маалымат таратып, өздөрүн пиар кылууда. Бул мекендештерибиздин абалына терс таасирин тийгизди", — деп маалымдайт өкмөт.

Россиядагы мигранттар коронавируска чалдыкса кайда кайрыла алат? Эскертме
Мындан улам чет өлкөдөгү жарандарды алып келүү иштери Тышкы иштер министрлиги тарабынан гана жүргүзүлөрүн эскертет. Уюштурула турган каттамдар тууралуу так маалыматты элчилик, консулдуктардан алуу сунушталат.

Ошондой эле кыргыз өкмөтү мекендештерди чагымчылдыкка алдырбоого жана "билет сатам же транспорт уюштурам" деген ортомчуларга ишенбөөгө чакырды.