Радио

Иманалиев: алгачкы моноспектакль онлайн эмес, түз көрсөтүлүшү мүмкүн

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, драматург Кайрат Иманалиев Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театры жакында "Үмүт" аттуу моноспектаклди театр сүйүүчүлөрүнө сунуштай турганын айтты.
Sputnik
Иманалиев: алгачкы моноспектакль онлайн эмес, түз көрсөтүлүшү мүмкүн

Коронавирус пандемиясына байланыштуу театрлар көрүүчүлөргө спектаклдерди тартуулай албай калышты. Анткени көпчүлүк коюп жүргөн оюндар бир нече каармандын катышуусунда ишке ашат экен. Андыктан моноспектакль жаратуу зарылдыгы келип чыкты. Бул тууралуу Кайрат Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган чыгармада бир гана каарман болуп, аны Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова аткарат.

"Үмүт" аттуу моноспектакль бир сааттай убакыт сахнада жалгыз артисттин ойношун талап кылган психологиялык жактан татаал чыгарма. Анда уулдары согушка кетип кайтпай калган эненин өчпөгөн үмүтү чагылдырылат. Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата даярдалып, өлкөдөгү абалга байланыштуу режиссер менен актриса аралыктан даярданып жатышты. Абал бир аз жеңилдегенден бери экөө театрга барып иштеп башташты. Эгер май айынын аягында абал турукташып калса, онлайн эмес, театрга көрүүчүлөрдү чакыруу менен эле ачылышын жасасак деп ойлоп турабыз. Мисалы, Россияда театрлар көрүүчүлөр катар отурбай турган аралыкта билеттерди сата башташыптыр. Менин көз карашымда бул туура. Анткени элди да театрдан алыстатып албашыбыз керек. Балким биз да ушул сыяктуу метод иштеп чыгарбыз", — деди Иманалиев.

Автор ошондой эле монодраманын ачылышы кайсы күнгө белгиленери азыркы учурда белгисиз экендигин кошумчалады.