Түркиядан Кыргызстанга 330 мекендеш алып келинди

Өкмөт сырттагы кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирди.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бүгүн, 15-майда, Стамбулдан Бишкекке 330 кыргызстандык алып келинди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Түркиядан Кыргызстанга 330 мекендеш алып келинди

Билдирмеге ылайык, "Манас" эл аралык аэропорту Стамбул — Бишкек чартердик каттамын тосуп алган. Аны менен 330 мекендеш өлкөгө алып келинген.

Өкмөт сырттагы кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын айтты.

Эрежеге ылайык, келгендердин баары обсервацияга алынат.

Эске салсак, кечээ кечинде Франкфурт-на-Майне шаарынан да 59 кыргызстандык учуп келген.