БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Каркыра жайлоосунда убактылуу милиция посту иштей баштады. Бул туурасында облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Ысык-Көл ОИИБдин башчысы Улан Асанбаев аталган постко барып, быйылкы сезондо уурулукка жол бербөө боюнча тапшырмаларды берген. Ал жайда ыкчам бөлүмдүн кызматкерлери жана аймактык тескөөчүлөр кызмат өтөйт.
"Жаздын келиши менен Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары көп сандагы мал менен "Каркыра" жайлоосуна чыгышат. Андыктан мал уурдоо жана башка кылмыштарды алдын алуу максатында жыл сайын Башарин айылына убактылуу милиция посту коюлуп, кызматкерлер күнү-түнү нөөмөттө турушат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Асанбаев нөөмөттө турган милиционерлерге малчыларга коронавирустан сактануу жана дарыгерлердин кеңешин аткаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тапшырма берген.