Асрандиев коронавирустун айынан бюджет канча акчадан кур калганын айтты

Январь-май айынын аралыгында ички дүң продукциянын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 3,8 пайызга төмөндөгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Коронавирустан улам жыл башынан бери чек аралар жабылып, өлкөгө өзгөчө абал киргизилгенине байланыштуу бюджетке пландалган 10,4 миллиард сом түшпөй калды. Бул тууралуу вице-премьер Эркин Асрандиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, январь-май айынын аралыгында ички дүң продукциянын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 3,8 пайызга төмөндөгөн.

"Апрель айында эле салык менен бажыдан 4,8 миллиард сом түшпөй калды. Кыргызстандын импорттук товарларынын 70 пайызы Кытайдан келип турган. Чек аранын жабылганы бюджетке катуу таасир этти", — деди Асрандиев.

Асрандиев: салыктан карызы барлар жыл аягына чейин төлөсө туум алынбайт
Вице-премьер кырдаалдан улам бюджетке өзгөртүүлөр киргизилип жатканын кошумчалады.

Ошондой эле ал өкмөт дефициттин ордун толтуруу үчүн ички ресурстарды дагы карап жатканын белгиледи. Ал эми бүгүнкү күндө чет элдик донорлордон 243 миллион доллар келип түшкөн. Анын ичинен 242 миллион доллары Эл аралык валюта фондунан алынган.